Алматыда ЕАЭБди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине багытталган бизнес-форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында 27-28-июнда Евразия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйналышы жана бизнес-форуму өтүп жатат.

Мында көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын, эл аралык уюмдардын, бизнестин, илимий чөйрөлөрдүн, кесиптик ассоциациялардын өкүлдөрү жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналисттер чогулушту. Алар тажрыйба алмашып, актуалдуу маселелерди жана евразиялык мейкиндиктин алкагында биргелешип өнүгүүнүн жолдорун талкуулашат.

Иш-чара суу-энергетикалык баланс, транспорттук-логистикалык маршруттарды жана финансылык рынокторду өнүктүрүү сыяктуу аймак үчүн негизги чакырыктарды чечүүдө өнөктөштүктү кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.

"Биз Евразия аймагына жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жаңы инвестициялварды тартуу үчүн эл аралык диалог аянтчасын түзүүнү улантабыз. ЕАӨБдүн жылдык жыйыны жана бизнес-форуму — көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын, эл аралык уюмдардын жана жеке бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү, долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашуу, жаңы байланыштарды түзүү жана туруктуу каржылоо жаатында кызматташууну кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп ишенем", - деди ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.

Бизнес-форумдун катышуучулары аймакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин камтыган динамикалуу программаларга, андан тышкары ЕАӨБдүн эксперттеринин докладдарынын жана изилдөөлөрүнүн бет ачарына күбө болушуп, пикир жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзө турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларга, кызматташуу келишимдерине кол коюу жана бизнес сүйлөшүүлөргө катыша алышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги ЕАӨБдүн бизнес-форумунун стратегиялык маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.


Евразия өнүктүрүү банкы — евразиялык мейкиндикте инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзгөн көп тараптуу өнүктүрүү банкы. 18 жылдан ашык убакыттан бери ЕАӨБ экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө жана катышуучу өлкөлөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошуп келет. ЕАӨБдүн баштапкы капиталы 7 млрд АКШ долларын түзөт. Анын портфелинин негизги үлүшүн транспорттук инфраструктура, санариптик системалар, жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана машина куруу тармагындагы интеграциялык натыйжасы бар долбоорлор ээлейт. Банк өз ишинде БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жана ESG принциптерин жетекчиликке алат.

Пикир

Оставить комментарий