Алматыда кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. Ал көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Кыргызстандык кыз Алматы шаарына үстүбүздөгү жылы 21-майында туугандары менен барган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.

Белгиленгендей, учурда "Жүк-200дү" Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий