• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Чүйдө бир нече күн мурун сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-июлда таңкы саат 6:10 чамасында өспүрүмдүн сөөгү Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Өспүрүмдүн сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Белгилей кетсек, 21-июлда Чоң Чүй каналына 16 жаштагы А.Ч. аттуу өспүрүм түшүп кеткен. Ошол күндөн тартып ӨКМ тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген, бирок жыйынтык болбой жаткан.

Пикир

Оставить комментарий