• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алматыда өткөн илимий сынакта Бишкектин окуучулары баш байгеге ээ болду

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын №51 мектеп гимназиясынын 4 «Б» классынын окуучулары 1-11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн илимий изилдөө долбоорлоо сынагында баш байгеге ээ болушту.

Сынакка 140 башталгыч мектеп катышты. Нурел Доктурбеков, Айгүл Назарбаева жана Нурсултан Оморов жеңишке жетишти.

Бардык катышуучулар ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланышты. Окуучулардын жетекчиси Кымбат Осмоналиевага мактоо баракчасы тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынак Алматы шаарында “Эл аралык экология, инженерия жана педагогика илимдер академиясы” эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий