• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-9-март аралыгында абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел ашуу, Чычкан капчыгайы, Чапчыма ашуусунда жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолу, Каракол-Эңилчек, Казарман-Актал-Чат унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий