• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Алмаз Исанов Гаагада «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясы жана «Түндүк» тутуму тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Гаага шаарында (Нидерланды) өткөн Үчүнчү ведомстволор аралык тегерек отурумга катышты.

Алмаз Исанов «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясы, этникалык азчылыктар боюнча маалыматтарды чогултуу анализи жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик маалыматтарды колдонуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан аталган багытта иштөө боюнча кыргыз тажрыйбасына кызыгуу жаралды. Тегерек стол этностор аралык мамилелерде далилдүү саясатты кабыл алууну тереңирээк түшүнүү жана көп түрдүүлүктү башкаруунун маанилүү куралы катары маалыматтарды чогултуудагы тажрыйба алмашууга аянтча түзүп берди. Иш-чарага Борбордук Азия, Кавказ, Балтика жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү азчылыктарга тиешелүү мандаты бар борбордук бийлик органдарынын, ведомстволордун жана институттардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий