• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

УКМК: Токтогулдун мэри УКТ менен байланыш түзүп, кендерди басып алууну уюштурган

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланыш түзгөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКсынын мамлекеттик кызматкерлер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы мүмкүн болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзгөн ишинин жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган Т.Э.А. белгисиз адамдарды тарткан, анын ичинде И.Б.А. аттуу “Дөө Чынгыз” каймана аты бар Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталган адамдар физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, Т.Э.А.нын уулунун атына каттатып коюшкан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу Э.у.А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий