• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тыюу салынган буюмдар жагылган эмес. Бишкекте бир жумада 38 мончо текшерилди

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин алкагында өткөн жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий