• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нурланбек Азыгалиев Екатеринбург шаарындагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Медербек Алиев жана Сеидбек Атамбаев Россиянын Свердлов облусундагы кыргыз диаспораларынын лидерлери, аксакалдары, студенттери, ошондой эле мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууларда эмгек мамилелерин укуктук тариздөөсүнө, эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна киргизүүгө байланышкан маселелер талкууланды. Өзгөчө көңүл Россияга эмгек ишмердүүлүгү менен барууну пландаштырган жарандарды чыгаар алдында даярдоого бурулду.

Ошондой эле сапардын алкагында эл өкүлдөрү Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрайымы Людмила Бабушкина, Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова жана Урал мамлекеттик экономикалык университеттин ректору Яков Силин менен жолугушуп, анда аймактар жана парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий