• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынып, тиешелүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Пикир

Оставить комментарий