Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев 8-10-июнда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Мындан тышкары, жыйынга катышкан Мамлекет башчылар менен бирге Алмазбек Атамбаев «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат.
Пикир
Оставить комментарий