Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылында жайгашкан Кебек Мамаев атындагы орто мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, алоолонгон жалын саат 15:28де курчоого алынган. Азырынча жабыркагандар жана окуянын келип чыгуу себеби тууралуу маалымат жок.
Пикир
Оставить комментарий