• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Алтын медалга карай бир кадам. Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын финалында күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн финалда күчүн сынайт.

68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова 1/2 финалда Нигериянын балбаны Блессинг Оборудуду менен беттешти. Финалга чыгуу үчүн спортчулар килем үстүндө болгон аракетин жумшашты. Жарым финалдын жыйынтыгы менен спортчу Мээрим Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1эсебинде утуп, жеңишти камсыздады.

Финалда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова америкалык спортчу Амит Элор менен кез келет.

Белгилей кетсек, 1/4 финалда Япония балбаны Ноноки Озакини 8:6 эсебинде татыктуу жеңген.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда Монголиянын балбаны Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен утуп алган эле.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр бүгүн, 6-августта өтмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий