• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми № 98 орто мектептин окуучулары ыңгайлуу шартта жана эң негизгиси коопсуз мектепке жете алышат.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы Алтын-Ордо конушунун 14-көчөсүнүн жолуна 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин ысык асфальттын экинчи катмарын төшөп жатат.

Белгилей кетсек, асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин чийүү иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий