• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Алтын-Ордо жаңы конушунда 480 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Билим 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын Алтын-Ордо жаңы конушунда 480 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мектептин ачылыш аземине жана №10 орто мектебиндеги салтанаттуу линейкага катышты.

"480 орундуу жаңы мектептин аянты 3521 кв/м түзөт. Мектептин имараты 3 кабаттуу. Ал эми №10 орто мектебинин капиталдык оңдоо иштери 100% аяктады. Мектеп 380 орунга ылайыкташып, 3 блоктон турат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылына карата 11 жаңы билим берүү обьектиси эксплуатацияга берилди. Алардын ичинен 5и мектеп. Быйыл республикада жалпы 2 340 мектеп билим берип баштайт.

Мектептерде салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар үчүн "Кыргыз жараны — жарандардын биримдигинин негизи" темасында биринчи сабак өтүлөт.

Быйыл республика боюнча 1-класска 160 миңден ашуун бала барат. Жалпы окуучулардын саны - 1 млн 300 миң. Ал эми мугалимдердин саны – 82 миң 724.

Пикир

Оставить комментарий