• 87.86
  • 93.94
  • 1

Китептердин сапатын жакшыртуу. Республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлдү

Билим 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жыйын өткөрдү.

  • Жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздайт;
  • Авторлорду окутуп, алардын базасын түзөт;
  • Эксперттерди окутуп, аларды сертификациялайт;
  • Окуу китептерин сапаттуу экспертизадан өткөрөт;
  • Экспертизанын 4 түрүн уюштурат (илимий, илимий-педагогикалык, педагогикалык-практикалык, гендердик);
  • Окуу китептерин даярдоого байланыштуу нормативдик документтерди иштеп чыгат;
  • Окуу китептеринин мазмунуна мониторинг жүргүзөт;
  • Окуу китептеринин сапатын жакшыртуу үчүн басма үйлөрүнө сунуш берет.
  • Электрондук окуу китептерин даярдайт.

Пикир

Оставить комментарий