Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн, 2-ноябрда вице-премьер министр Максат Мамытканов жаңы дайындалган губернаторду жалпы жамаатына тааныштырган.
Вице-премьер-министр Жантаев өкүлчүлүктүн ишин жакшыртууга колдон келген күч-аракетин жумшарына ишеним билдирди. Жыйынтыгында Максат Мамытканов ыйгарым укуктуу өкүлгө жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Пикир
Оставить комментарий