• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунда жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Талас облустук казыятына караштуу Манас районунун хатибияты жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы “Садака жарыя” кайрымдуу фонду көп жылдан бери Манас районунда соопчулук иштерин жүргүзүп келет. Бул жолкусунда жалпы 50 жардам баштыкчасы 9 айылда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө жеткирилип берилди.

Ар бир баштыкта 5 л өсүмдүк майы, 5 кг макарон, 10 кг ун, 3 кг күрүч, 3 кг кум шекер түзүп, анын баасы 1500 сомду түздү. Жалпы 50 үй-бүлөгө 75 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Пикир

Оставить комментарий