• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамбетов «Газпром Кыргызстандын» «Ошгаз» филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Ошгаз» филиалына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Анда калаа башчысы кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жана акыркы 5 жыл аралыгында аткарылган өндүрүштүк-техникалык чаралар боюнча маалымат алды. Ошондой эле перспективдүү пландар тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.

Алмаз Мамбетов «Ошгаз» филиалынын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ыраазычылык айтып, алдыдагы кышкы жылытуу мезгилинде шаардыктар газ менен толук камсыз болооруна ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, 2021 -жылы "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Ошгаз" филиалы 65 миң 246 абонентке газ жеткирсе, 2016 -жылы 61 миң 334 абонент болгон. Кызмат көрсөтүлүүчү газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 1077,77 км, анын ичинде 731,45 км Ош шаарында.

Ошондой эле, акыркы беш жылда жакшы координацияланган жана пландалган оңдоо иштеринин алкагында жаратылыш газынын агып чыгуулары үч эсеге азайган. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы эле узундугу 12,5 км болгон жер үстүндөгү газ түтүктөрүн сырдоо иштери жүргүзүлгөн. Мекемеде кардарларды тейлөө "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий