"Алтын тамга" сынагы 12-19-июнь күндөрү реалдуу режимде өтөт – Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. "Алтын тамга" сынагы 12-19-июнь күндөрү реалдуу режимде болуп өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"11-жыл "5" деген баага окуп, жакшы ийгиликтерди көрсөткөн окуучулар үчүн "Алтын тамга" көз карандысыз сынактык баалоо өткөрүлөт. Ал Бишкекте жана бардык облустук борборлордо өтөт", - деди ал.

Ал, сынак өткөрүлө турган жерлерде бардык тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарыла турганын айтып өттү.

"Сынак реалдуу режимде, бирок онлайн форматта өтөт. Сынактын катышуучуларына планшеттер берилип, алар 4 сабак боюнча тест тапшырат. Анын жыйынтыгы дароо чыгат. Ал жердеги эксперттер ал жыйынтыкты протоколго каттап алышат", - деди ал.

Ал белгилегендей, тесттин жыйынтыгы менен макул болбогон окуучулар апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Ошондой эле ал "Алтын тамга" сынагынан кийин 21-25-июнь күндөрү 11-классты аяктап жаткан окуучулар үчүн жалпы республикалык тестирлөө болуп өтөрүн эскертти.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-2020-окуу жылында ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 1 миң 420 бүтүрүүчү талапкер болууда. Өткөн окуу жылында "Алтын тамга" сынагына 1 миң 51 окуучу катышып, 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алышкан. "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.

Пикир

Оставить комментарий