• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Алтынбек Абдувапов КМШнын салык кызматтарынын жетекчилеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 29-жыйынына катышты.

Салык кызматынан билдиришкендей, жыйындын катышуучулар КМШнын 2030-жылга чейинки экономикалык өнүгүү стратегиясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле салыктык башкарууну ишке ашыруу үчүн КМШга катышуучу мамлекеттердин ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу маселесин карашты.

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповдун айтымында, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн бир катар масштабдуу долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, товарларды санариптик маркалоо, авто май куюучу жайларды автоматташтыруунун бирдиктүү системасы, ишкердик субъекттерди жайгаштыруунун электрондук картасы ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

"Долбоорлор бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоого, товарларды контрабандалык/эсепке алынбаган ташып кирүүнү жана көмүскө экономиканы кыскартууга, мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө көмөктөшүүдө", - деди Абдувапов.

Координациялык кеңештин жыйынына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын делегациялары, КМШнын Аткаруу комитетинин, салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун өкүлдөрү катышты. Байкоочу катары Өзбекстандын салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Координациялык кеңештин кийинки жыйыны Казакстанда өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий