• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Коопсуз шаардын" II этабын ишке ашыруу сот процесси аяктаганда башталат — Шаршенова

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабыш ишке ашыруу сот процесстери аяктагандан кийин башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө долбоордун экинчи этабынын аткаруучусу тарабынан мыйзам бузуулар сотто каралып жатат.

"Аткаруучу тарабынан долбоордун экинчи этабын ишке ашыруунун мөөнөтү бузулган. Бул процедуралар учурда сот процессинде каралууда", - деп белгиледи Шаршенова.

Эскерте кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытай компаниясы жеңип алган. Тендердин талаптарына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн 17 шаарында жана 73 калкттуу пунктунда жол эрежесин бузууларды каттаган 306 камера орнотулушу керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу келишимди аткаруу мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Бирок аткаруучу компания жаңы мөөнөттө дагы ишти аткарууну кечеңдеткен.

Пикир

Оставить комментарий