Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн даярдык, аскердик тартип, аскерлер кызматы, күжүрмөн кызмат жана 2021 жылдын 1-чейрегинин ишмердүүлүгү боюнча, Ички аскерлердин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаевдин жетекчилиги астында жыйынтыктоо болуп өттү.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага Колбашчынын орун басарлары, Ички аскерлердин Командачылыгынын башкармалыктарынын башчылары, өзүнчө бөлүмдөрдүн башчылары, Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрдүн командирлери катышышты.
Түштүк – батыш регионунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери иш- чарага онлайн режимде катышууга туура келди.
Жыйынтыктоо учурунда аскер бөлүктөрдүн командирлери 1-чейректе мерчемделген иш чаралардын жыйынтыгы жөнүндө баяндама беришип жана кийинки чейреке коюлган тапшырмаларды аткарууга даяр экендигин билдиришти.
Ич-чараны жыйынтыктап жатып, полковник Дамир Алыбаев күжүрмөн даярдыкты, укуктук-тарбиялык иштерди сапаттуу уюштурууга, аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатууга жана аскердик мүлктү сарамжалдуу колдонууга тапшырма койду.
Пикир
Оставить комментарий