• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

25-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кечке жакын Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Талас облусунда +5...+10, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда 0...-5 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +9...+11 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий