Кыргыз-кытай чек арасында күчү 4-6 баллга жеткен бир нече жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында 24-январдан 25-январга караган түнү бир нече жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан.

Саат 21:01де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 3,5 баллга чейин, Кумтөрдө 3 баллга чейин сезилген.

Саат 00:45те күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, жердин силкинүүсү Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген.

Саат 02:05те жана 02:35те очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Саат 04:21де күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү: Бедел айылында 4,5 балл, Ак-Шыйрак, Кумтөрдө 3,5 баллга чейин жеткен.

Эртең менен саат 07:24 жана 07:43тө - 5 жана 4,5 баллга жеткен эки жер титирөө болду.

Жердин силкинүүсү Бедел айылында 3,5 балл, Кумтөрдө 3 балл жана Ыштык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий