• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-мартта саат 03:01де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий