• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сот төрагаларынын кеңешмеси жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/. 11-мартта Индиянын Нью-Дели шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII отурумунун биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.

КР Жогорку сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумга Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, Индиянын Жогорку сотунун төрагасы Дхананджая Чандрачуд, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Цзинхун Гао, Пакистандын Жогорку сотунун төрагасы Умар Бандиал (онлайн), Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы Бахтиёр Исламов жетектеген делегациялар катышты.

Отурумга Беларустун Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Валерий Калинкович, Ирандын сот бийлигинин башчысынын биринчи орун басары Мохаммад Канамои, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Дамдин Ганзориг (онлайн) жетектеген байкоочу-мамлекеттердин делегациялары да катышты.

Жолугушууга ошондой эле ШКУ Катчылыгынын башкы катчысынын орун басары Джанеш Каин жана ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасынын (РАТС) Аткаруу комитетинин директорунун орун басары Ракеш Верма катышты.

Эки күндүн ичинде делегаттар үч сессияда “Акылдуу соттор” жана сот тутумунун келечеги, “Сот адилеттигине жетүүгө көмөктөшүү” деген темалар боюнча жыйындын катышуучуларынын 30дан ашык баяндамасын угушту.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө КР сот системасын өнүктүрүүнүн негизги багыты чыныгы элге багытталган сот адилеттигин түзүү экенин белгиледи. "Мындай адилеттүүлүктү түзүү зарылчылыгы Конституциянын текстинен келип чыгат, аны ишке ашыруу үчүн 2018-2040-жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, ошондой эле Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган", - деди КР Жогорку сотунун төрагасы.

Жолугушуу биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен аяктап, анда катышуучулар ШКунун алкагындагы соттук диалог тараптарга бири-биринин сот тутумун түшүнүүгө жардам берерин белгилешти. Ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп, өз ара ишенимди, жакшы мамилелерди бекемдөөгө, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болот.

Эскерте кетсек, 10-мартта Индиянын Нью-Дели шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVIII отуруму өз ишин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий