• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Алтынбек Максутов "ЭлТР" телеканалынын Бишкектеги кеңсесинен кабар алды

Маданият 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов "ЭлТР" мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, имараттын абалын көрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул кеңседе 124 кызматкер эмгектенип, 24 саат телекөрүүчүлөрдү, радиоугармандары жаңылыктар менен камсыздап, обого чыгып жаткан кызыктуу жана пайдалуу контент даярдашат.

Министр Алтынбек Максутов чыгармачыл жамаат менен маектешип, жакынкы арада компаниянын техникалык жана автоунаа базасы жаңыланып, медиа продукттун мыкты сапатта даярдалышына негиз болот деди.

Мындан сырткары, Алтынбек Максутов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомуна жаңы техникаларды тапшыруу салтанатынын жүрүшүндө "ЭлТР" мамлекеттик телерадио компаниясынын Бишкек шаарындагы кеңсесинин жаңы имаратын куруу керектигин айтты.

Акылбек Жапаров жаңы, заманбап имарат курула турганын белгилеп, долбоордук-сметалык документ иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий