• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Улуттук илимдер академиясынын “Жизнь науки” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын "Жизнь науки" илимий журналынын жаңы саны басылып чыкты. Аталган басылма «Улуттук илимдер академиясынын кабарлары» илимий басылмасына тиркеме катары жылына бир жолу УИАнын «Илим» маалымат-басма борборунда басылып чыгып келет. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнөн сырткары, жашоосундагы чыгармачылыгы, жетишкендиктери жана жаштарга үлгү катары басып өткөн турмуш жолу баяндалып, окуурмандардын бүйүрүн кызытып келет.

Басылмада айыл-чарба илиминин доктору, академик И.М. Ботбаевди эскерип кызы Айганыш Ботбаеванын орус тилиндеги «Мой папа – на одном дыхании...» аттуу макаласы жарык көрдү. Анда академиктин өмүр-таржымалы, басып өткөн турмуш жолу жана илимдеги жетишкендиктери баяндалган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер геолог, минерология илимдеринин доктору Апас Бакирович Бакировдун «121-кылымдан саякатчы» деген аталыштагы илимий-фантастикалык аңгемеси басылып чыкты. Анда автор ноократия деген түшүнүктү карапайым калкка жалпак тилде түшүнүктүү кылып жеткирип, жер пайда болгондон баштап, бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүшү жана башка маселелердин үстүндө ой жүгүрткөн. УИАнын окумуштуусу илимден сырткары, чыгармачылык менен алектенгени окурмандар үчүн кызык болоору шексиз.

Пикир

Оставить комментарий