• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Алтынбек Максутов Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Маданият 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өнөктөш болуп, көптөгөн тармактар боюнча биргеликте кызматташып келе жатканын баса белгиледи.

Ал эми элчи Мэрилин Йосефсон Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Андан сырткары, Мэрилин Йосефсон министр Алтынбек Максутовду ушул жылдын 26-27-май күндөрү Бишкек шаарындагы "Ынтымак-2" сейил багында өтө турган "Европа жайкы фестивалы 2023" концерттик иш-чарага келип катышып берүүгө чакырды.

Аталган фестивалга биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин жана жергиликтүү жеке сектордун өкүлдөрү катышарын айтты. Фестивалдын ачылышында жергиликтүү ырчылардын катышуусунда ачык асман алдында чоң концерт өтмөкчү.

Мэрилин Йосефсон кийинки фестивалдарды өлкөнүн башка шаарларында да өткөрүүнү кааларын билдирди.

Алтынбек Максутов Евробиримдик Кыргызстанга COVID-19 пандемиясы учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий