• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Кыргызстандын жаратылышын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган көргөзмө өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Ошто Кыргызстандын жаратылышын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган көргөзмө өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмөдө өлкөнүн 7 облусунан келген 40 сүрөтчүнүн 150дөн ашык живопись жана графика эмгектери коюлган.

Иш-чараны БУУнун өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин эмгек жааматы "ARТүрдүүлүк" чыгармачылык лабораториясынын алкагында уюштурду.

Демилге Кыргыз жараны концепциясы камтылган жарандык иденттүүлүк баалуулуктарын көркөм өнөр жана тарыхый-маданий мурас аркылуу кеңири жайылтууга багытталды.

Иш-чарада маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу көргөзмөнүн катышуучуларын куттуктап, “Кыргыз жараны концепциясынын баалуулуктары Кыргызстандын бардык этностук жамааттарынын этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен аларды бириктирип, искусство жана тарыхый-маданий мурастар аркылуу элдердин биримдигин бекемдөөгө мүмкүндүк берерин” белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий