• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде каржы бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы 105 млн 999,8 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды.

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жасалган бузуулар – 3112,6 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 55378,4 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9819,4 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 26 939,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар - 10749,6 миң сом.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун материалдары укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине – отчет, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий