• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.02.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Пикир

Оставить комментарий