Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды.
Ведомстводон билдиришкендей, жабырлануучулардын экөөсүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу оор. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар атайын учак менен Бишкекке жеткирилди.
Эске салсак, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку – Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта жалпы 67 адам болгон, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 29 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылган.
Пикир
Оставить комментарий