• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

КР Эсептөө палатасы жана ЕРӨБ мамлекеттик сатып алуулардын аудитин жүргүзүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 10.10.18 /Кабар/. Кыргызстандын Эсептөө палатасы жана Европадагы реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттик сатып алуулардын аудитин жүргүзүү тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

9-октябрда Эсеп палатасында ЕРӨБдүн “Кыргыз Республикасы: электрондук мамлекеттик тендерлердин аудитинин жаңы методоголиясын пилоттук киргизүү жана иштетүү: Методологияны пилоттук киргизүү” техникалык кызматташтык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга Эсептөө палатасынын аппаратынын анын жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган өкүлдөрү, ЕРӨБдүн Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Юлия Шаловалова жана “Грант Торнтон” компаниясынын эл аралык эксперти Владислав Мурадян катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук мамлекеттик сатып алуулардын аудитинин методологиясын пилоттук киргизүүдөгү жана иштетүүдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар алдыдагы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артышарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий