• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте “Үйгө карай жол” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бишкекте пилоттук үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы оор психикалык бузуулары бар адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарына арналган “Үйгө карай жол” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөнүн автору, белгилүү фотосүрөтчү Шайлоо Жекшенбаевдин айтымында, бул кызмат көрсөтүүлөрдөн улам көп адамдар жабык психиатриялык ооруканалардан үйлөрүнө кайтып келишкен.

“8 пилоттук пункттагы жашаган жери боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдөн улам көптөгөн адамдар психиатриялык ооруканалардан үйлөрүнө кайта алышты. Өзүмдүн эмгектеримде мен бул адамдарды чагылдырдым”, - деди ал.

Көргөзмөгө жалпысынан 50дөн ашык эмгек коюлган.

Пикир

Оставить комментарий