Алымкадыр Бейшеналиев Stop TB Partnership уюмунун аткаруучу директору менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Stop TB Partnership уюмунун аткаруучу директору доктор Лусика Дитиу менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Женевада өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда кургак учукту дарылоодогу көйгөйлөр жана жетишкендиктер, ошондой эле микробго каршы дарыларга туруктуулук менен күрөшүүгө байланышкан саламаттык сактоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Министр дүйнөлүк саламаттык сактоого пайдасы үчүнкургак учук жана антибиотиктерге туруктуулук тармагындагы аракеттердин синергиясын аныктап, микробго каршы каражаттарга туруктуулук кризисине каршы аракеттенүү үчүн антибиотиктерди изилдөөгө жана өнүктүрүүгө инвестициялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев 29-майда Stop TB Partnership жана Global Antibiotic Research and Development Partnership (GARDP) тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги көп секторлуу иш-чарага катышууга даярдыгын билдирди. ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстанда антибиотиктерге туруктуулук боюнча биринчи пилоттук изилдөө жүргүзүлүүдө.

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Лусика Дитиуну 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды, анда саламаттык сактоо тармагына инвестиция тартуу жана бул жаатта кызматташуу маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий