• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

14-июнь – Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнү. Бишкекте кан чогултуу боюнча акция өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата кан чогултуу боюнча масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Республикалык кан борбору Улуттук жарым ай коому (УЖАК) менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен "Азия Молл" соода борборунун 2-кабатында өткөрмөкчү.

"Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнүнүн быйылкы урааны: "Кан тапшыруу – тилектештик актысы. Донор болуп, өмүрдү сактап калыңыз". Донацияга каттоо 09:00 башталат. Кыргызстандын бардык жарандарын бул акцияга активдүү катышууга чакырабыз. Байланыш телефондору: 54-19-18; 54-19-13; 0551-22-55-95; 0551-18-02-73; 0707-52-54-20", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет. Бул дата төмөнкү максаттарда белгиленет:

  • коопсуз кан жана кандын компоненттеринин куюу зарылчылыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
  • шаардын саламаттык сактоо уюмдарын кандын компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн акысыз кан тапшырган ыктыярчылардын эң маанилүү салымын белгилөө;
  • ыктыярдуу кан тапшыруу программаларын күчөтүү жана кеңейтүү боюнча улуттук кан кызматтарынын аракеттерин колдоо.

Калктын кеңири жана активдүү катышуусун камсыз кылган эффективдүү кан тапшыруу программасынын болушу, канга муктаждык кескин өскөндө же кандын нормалдуу иштешинин абалы бузулганда, тынчтык мезгилде да, өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда да өз убагында керектүү кан куюу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча 1000 адамга донордук кандын минималдуу-оптималдуу көлөмүн камсыз кылуу үчүн 40ка чейин донор болушу керек, ал эми бизде Кыргызстанда 5,5 гана донор туура келет.

Коомдук биримдикти колдоо жана тилектештик маданиятын бекемдөө үчүн ар бирибиз ыктыярдуу кан тапшыруунун маанисин толук түшүнүшүбүз керек. Биз өзүбүз салым кошуу менен гана татыктуу жана дени сак коомдо жашай алабыз.

Пикир

Оставить комментарий