• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү медициналык жардамдын сапаты менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 07.09.24./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын негизги максаты жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөөнүн деңгээли жана сапаты менен таанышуу болду.

Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасында болуп, жашоо үчүн зарыл болгон дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жана аларды калк арасында бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун текшерди. Министр шаар тургундарына дары-дармектерди жеткиликтүү баада сатып алууга мүмкүндүк берген мамлекеттик дарыкана тармагын колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз ар бир жаран кайсы жерде жашабасын, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алышы үчүн медициналык инфраструктураны өнүктүрүүнү улантабыз", - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Иш сапардын жыйынтыгында облуста медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле дары-дармек менен камсыздоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий