Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институтунун директору ОшМУда болду

Аймак 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институтунун директору, профессор Вольфганг Аулицки баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болду.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдирешкендей, делегациянын курамында "Ачык медициналык коомдоштук" коомдук бирикмесинин башчысы Лола Асаналиева, врач-офтальмолог Умар Исаков бар.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен болгон жолугушууда медициналык билим берүү жана илим тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, семинарларды уюштуруу, дарыгерлердин жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу боюнча пикир алышты.

“Америка-Австрия фонду 1993-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү 1996-жылы алгачкы жолу семинарга катышкан. Учурда Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институтунун семинарларына Кыргызстандан барып билимин жогорулаткан 500 дөн ашуун дарыгерлер бар. Профессор Вольфганг Аулицки фондго өзүнүн жашап жаткан турак жайын берген. Ал жерде учурда жума сайын семинарлар уюштурулуп, дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн дарыгерлер барып катышып келишет. Алардын бардык чыгымдары фонд тарабынан каржыланат. ОшМУдан барып билимин жогорулатып келген бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны 30дан ашты”, -деди эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов.

Профессор Вольфганг Аулицки ОшМУга болгон иш сапарынын алкагында окуу жайдын Эл аралык медицина, медицина факультеттеринин жамааты, медициналык клиниканын дарыгерлери менен жолугуп, конок леция өтөт. Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институтунун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушат.

Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институту менен ОшМУ 2021-жылы кызматташуу келишимине кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий