• 89.43
  • 96.36
  • 0.97

Америкага жолду айылдан баштаган кыргыз студентинин ийгилиги

ТАГДЫР 0

Жетем десең жеткирбеген кыял болбойт, аракетсиз ал максатың башка конбойт. Үзгүлтүксүз аракет, талбаган эмгек гана адамды ийгилике жетелеп, бакытка бөлөйт. Мамлекетибиздин эң чоң байлыгы бул - билимдүү жаштары. Кыялдар жүзөгө ашышы үчүн сөзсүз эле шаарда төрөлүп, же алдыңкы делген мекетептерде окуу шарт эмес. Ааламга жол айылдан башталат демекчи, айылда төрөлүп-өскөн англис тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүп Америкада окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 18 жаштагы Жылдыз Апышова менен маектештик.

Жылдыз Апышова Талас районуна караштуу Арал айылында төрөлүп, Касымкул Нанаев атындагы орто мектебинде билим алган.Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин 1-курсунда окуйт. Ал англис тилин кантип өздөштүрүп, кандайча Америкага барып калганы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Жылдыз, айтсаң канча жашыңдан баштап англис тилин үйрөнө баштадың? Мисалы шаарда тил өздөштүрөм дегендерге мүмкүнчүлүктөр кенен, ийримдер жүздөп саналат, интернет жеткиликтүү, айылда өздөштүрүү алда ганча кыйын болсо керек?

- 8-класс кезимде мектебибизге Америкадан ыктыярчы келип, англис тили ийримин ачкан, ошол жакта баштагам . Ооба, кыйын эле болгон, себеби айылда окуудан тышкары да жумуш көп болот эмеспи, үй-тиричилике жардам бериш керек. Эртең менен сабакка барсам, түштө үйгө келип үй-жыйнап, кайра кечинде ийримге барып, айтор убакыт абдан эле тартыш болчу. Мистер Девид сабактарды абдан кызыктуу өткөндүктөн, англис тилине болгон кызыгуум артып натыйжалуураак үйрөндүм . Туура айтасыз, шаарда англис тилин үйрөтүүчү ийримдер көп ал эми, көпчүлүк айылдарда мындай мүмкүнчүлүк жок, мен учурдан пайдаланып айылыбыздагы англис тилинен берген Роза эжекеме чоң ыраазычылык билдиргим келет. Себеби анын долбоору аркылуу биздин айылга ыктыярчы келген, ал төрт жыл айылда жашап, окуучуларга англис тилин өздөштүрүүгө чоң жардамын берди. Биздин айылда менден башка да англис тилин жакшы өздөштүргөн бир нече окуучулар бар. Ушундай долбоорлор колдоого алынып, өлкөбүздөгү башка айылдарга дагы ыктыярчыларды алып келишсе, элеттеги балдардын тил үйрөнүүсүнө чоң жардам болмок.

- Америкага кандайча барып калганың тууралуу айтсаң?

Менин эң чоң кыялым Американы көрүү болчу. 11-класста окуп жатканымда “Flex” деген программа тууралуу угуп (Future Leaders Exchange - коммерциялык максатты көздөбөгөн долбоор, жогорку класстардын окуучуларын бекер Америкага окууга жиберген, жаш лидерлердин мектеби. КМШ мамлекеттеринде 1992-жылдан бери иш алып барат). Катышып көрүүнү чечтим. Ал жакка баруу үчүн үч баскычтан турган чоң сынак болду, эссе жаздырып, тесттерди тапшырып, айтор кыйын эле сынактардан өттүк. Таластан жалпысынан 300гө чукул бала катышып, алтообуз сынактан өткөнбүз. Ошентип мен кыялданган Америкага да барып, ал жакта бир окуу жыл толук окуп, ошондо 10 ай жашап келдик.

- Америкага барганда кандай сезимдер болду?

- Башка дүйнөгө түшүп калгандай эле болдум, дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Ал жакта ата-энем менен, “host” деп коебуз, америкалык үй-бүлөөдө жашадым, аларды апа, ата деп айтабыз. Жакшы көнүшүп жашап кеттим. Алар мага Американы көрсөтүштү. Башка үй-бүлөө менен жашаган, жалаң америкалыктар менен окуган башкача болот экен. Башында жакшы түшүнбөй, айтор күнүгө жаңы нерселерди окуп, үйрөнүп жаттым. Ата-энем, досторум күнүгө жаңы жактарга алып барып, ал жактын маданияты, күнүмдүк жашоосу менен тааныштырып жатышты. Эң кызыгы апам кыргыз болуп чыкты, атам американец, айтып берейин десем Кыргызстан тууралуу барын билишет, бул жакта жашашып, БААУда иштешкен экен. Ал эми мектептеги досторума Кыргызстан тууралуу маалыматтар кызык болду. Бизди негедир кытайсыңарбы деп кытайларга окшоштурушту, бирок кытай эмеспиз, өзүнчө такыр башка мамлекетпиз деп жакшы эле түшүндүрдүк.

- Сенин оюңча англис тилин канча жылда өздөштүрсө болот, тил үйрөнөбүз деп камынып жаткандарга кеңешиң?

- Аябай жакшы үйрөнөбүз дегендерге 3-5 жыл, ал эми күнүмдүк сүйлөшкөнгө болсо эки жыл жетиштүү болсо керек. Менимче окуткан мугалимден көп нерсе көз каранды, тил өздөштүрүүдө мугалим окуучуларды кызыктыра билиш керек, улам жаңы өзгөчө ыкмалар менен балдарды тажатпай, окутса натыйжалуу болот. Мисалы, менин мугалимим Мистер Девид өз ишин сүйгөн мыкты педагог, ал сабактарды абдан кызыктуу кылып өтчү. Мен жакшыраак үйрөнүп калганда ал мага мектепте ийрим ачып берген, мектепте окуп жүргөндө эле балдарга англис тилин үйрөтчүмүн. Өзүңдүн билген нерсеңди бирөөлөргө үйрөтсөң, өзүң дагы үйрөнүп жакшы эстеп каласың. Азыркы учурда да лагерде кичинекей балдарды окутуп жатам, мындан тышкары да англис тилин үйрөнөм дегендерге сабак берем, өзүмдөн улуу да окуучуларым бар. Бул мага жагат. Эң башкысы тил үйрөнүш үчүн каалоо жана аракет гана кылуу керек.Шаардасыңбы, айылдасыңбы мааниге ээ эмес. Мисалы, көпчүлүк адамдар айылдагы мектептердин билим деңгээли төмөн деп ойлошуп балдарын лицей, гимназияларга акча төлөп окутушат. Мени да кичинекейимде “Себатка” тапшыртышкан. Бирок ден соолугума байланыштуу чыгып кеткем. Азыр салыштырып көрсөм, ал жакка окубаганыма сүйүнөм, себеби ата-энемдин канча акчасын коротмокмун, аягында жыйынтыктарды карап көрсөм, ошол эле көрсөткүч. ЖРТ жыйынтыгым жакшы чыкты. БААУда окусам деп кыялданчумун, ал жакта окуп жатам. Биздин мектепте совет мезгилинде билим алган абдан күчтүү мугалимдер иштешет.

- БААУга кантип тапшырып калдың?

- Университеттин атайын колдоо көрсөтүүчү жакшы программасы бар. Ал программа боюнча Америкалыктар бизге окуу акысын, жатаканабызды жана стипендиябызды төлөп беришет. Ал жакка өтүү үчүн дагы үч турдан турган чоң сынак болду. Ошентип, кудайдын буйругу менен ал жакка өтүп калдым. Азыр Бизнести башкаруу факультетинде 1-курсту бүттүм.

- Алдыда кандай келечек максаттарың бар?

- Кичинекей кезимден эле дарыгер болууну кыялданчумун. Бирок медициналык окуу жайга окуган жокмун. Ошого карабастан, келечекте заманбап, жаңы технологиялар менен жабдылган Медициналык борбор куруп, күчтүү дарыгерлерди чогулткум келет. Себеби, биздин өлкөдө оор дартка чалдыккан жарандарыбыз, кыйынчылыктар менен чет жактарда дарыланууга туура келип жатат, мындай көрүнүштөрдүн санын кайсы бир деңгээлде кыскартып, өлкөбүздө медицинаны өнүктүрүүгө салым кошкум келет. Анан магистратураны Америкада окусам дейм. Бирок кайсы университет тандай элекмин. Жакшы бир университетке окусам деп максат кылам. Учурдан пайдаланып мени ар дайым колдоп, ар бир тандоомду сыйлап, мага ишенген ата-энеме жана мага болгон билимин берген, жашоодо керек болчу көп кеп-кеңештерин айткан агайым мистер Девидке чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Маектешкен Нурпейил Сагынбекова

Пикир

Оставить комментарий