• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тебеленген укук — талкаланган тагдыр

ТАГДЫР 0

Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Бактыгүл Камбарова беш баланын жалгыз бой энеси. Балдарын жалгыз чоңойтуусуна жолдошу менен болгон оор тагдыр кесепетин тийгизген. Ал күйөөсү менен жашаган 10 жылдан ашык убакыт аралыгында, андан жакшылык көрбөгөнүн, ур-тепкиге, кемсинтүүгө, шылдыңдоого кабылганын айтат.

Бактыгүлдүн айтымында, күйөөсүнүн колу жалгыз аялына гана эмес, балдарына дагы тийчү. Анын кесепети балдарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизген.

Акыркы учурда каарманыбыздын окуясына окшош учурлар Кыргызстанда чанда кездешип жаткандай. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын дээрлик 95 пайызын аялдар түзөт.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы миңдеген аялдарга карата зордук-зомбулук жасалган. Акыркы беш жылда 10 миңдеген аялзаты кордук көргөнүн ишенимдүү булактар жазып чыккан.

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү чыр-чатактын келип чыгуу себебин негизги үч факторго байланыштуу дешет;

– билим берүү сапатынын төмөндүгү;

– экономикалык факторлор;

– коомдун тең укуктуулукка калыптанган көз карашы.

Өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам долбоору 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат (жогорку жаза). Бирок серепчилердин айтуусунда, бир дагы эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек.

"Ооба, мыйзамдар иштелип чыгып жатат. Бирок зомбулукту токтотууга жалгыз мыйзам жетиштүү эмес. Анын нормалары иштебейт. Буга көп себептер бар” –дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун өсүшү аялдардын өз укугун билбегендиктен улам болуп жатат, - дешет айрым адистер.

Даярдаган Уулзат Байырбекова,

Эл аралык Кувейт университети

4-курсунун студенти

Пикир

Оставить комментарий