• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чаткал районунда ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Чаткал районунда ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, райондук хатибияттын жана тийиштүү мекемелердин кызматкерлеринен жана өкүлдөрүнөн турган мобилдүү топтордун уюштуруусунда райондун он алты айылында той, аштарда жана маркумду узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө боюнча жыйындар өтүп, кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйындарда жарлык талкууга алынып, анын алкагында ар кандай сунуш-пикирлер айтылып, жыйындарга катышкан бардык жарандар анда белгиленген шарттарды бир добуштан колдоого алышкан.

Райондук администрацияда өткөн жыйында буга чейин айылдарда болуп өткөн жыйындарда кабыл алынган чечимдер талкууланды.

Жыйын соңунда мындан ары райондо өтчү той, аштарда жана маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан.

Пикир

Оставить комментарий