• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек аралаш аймакта жашаган кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда спорттук мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 19-августта Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун чек аралаш аймакта жашаган жаштарынын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин, эки облустун элинин ынтымагын, кошуналык жакын мамилесин бекемдөө, жаштар арасында достукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында уюштурулду.

Мелдеш Өзбекстандын Сох районунун аймагында уюштурулуп, ага Баткен облусунун Айдаркен шаарынын жана Бирлик айыл аймагынын 25 спортчусу катышты.

Мелдеш спорттун теннис, шахмат, футбол түрлөрү боюнча уюштурулуп, Баткен облусунан барган жаштар теннис жана шахмат боюнча жеңүүчү болду. Ал эми футбол боюнча мелдеш, эки команда тең чыгуу менен аяктап, достук жеңгендиги белгиленди.

Мелдеш салтанаттуу түрдө жыйынтыкталып, тараптар бири-бирине каалоо тилек, жылуу пикирлерди билдирип, сыйлыктар тапшырылды.

Баткен облусунан барган спортчуларды Айдаркен шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жетектеп барды.

Пикир

Оставить комментарий