• 87
  • 90.41
  • 0.84

«Боинг» компаниясы КРнын авиация тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтейт

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев 30-сентябрь күнү АКШнын «Боинг» компаниясынын Эл аралык саясат боюнча директору Брайан Лоп, аталган компаниянын Евразия боюнча аймактык директору Марио Антонио Эбсим жана коммерциялык директору Волкан Эсер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасы Евразия континентинин жана Борбор Азия регионунун так ортосунда жайгашкандыктан келечекте кыргыз улуттук авиа тармагын өнүктүрүп, аны чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө карай жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу борборго айлантуу тууралуу сунушун ортого салды.

Ал эми «Боинг» компаниясынын өкүлдөрү элчинин айткандарын колдошуп, келечекте кыргыз авиа тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча өздөрүнүн фактыларына негизделген маалыматы менен тааныштырышты.

Жолугушуунун соңунда анын катышуучулары ушул жылдын октябрь айынын соңунда Кыргызстанга иш сапары менен келип, расмий бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты жөнгө салуу тууралуу жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырышты.

"Боинг" компаниясы - америкалык авиация, космостук жана аскердик техниканы өндүрүүчү дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Компаниянын заводдору дүйнөнүн 67 өлкөсүндө жайгашкан. Компания өз продукциясын дүйнөнүн 145 өлкөсүндө сатат. Компания дүйнөдөгү 100 өлкөнүн жүк ташуучу 5200 компаниялары менен жакындан кызматташат.

Пикир

Оставить комментарий