Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. ESPN телеканалынын журналисти Ариэл Хельвани кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону туулган күнү менен кыргызча куттуктады. Куттуктоо видеосун аталган телеканал Youtube порталындагы баракчасына жарыялаган.
Ариэл Хельванинин берүүсүнө Валентина UFC 248 мелдешиндеги кытайлык Чжан Вэйли менен Йоанна Енджейчиктин беттешүүсүн талкуулоого чакырылган.
Берүү башталар замат алып баруучу кыргызстандык мушкерди куттуктап кирген. Алгач англис тилинде куттуктаган Хельвани кийин кыргызча "туулган күнүң менен" деп айткан. Валентина Шевченко туулган күнүн 7-мартта белгилеген.
Эскерте кетсек, Шевченконун мурунку атаандашы америкалык Кэтлин Чукагян болгон. Кыргызстандык мушкер аны техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп калган.
Пикир
Оставить комментарий