• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Анкара, Стамбул жана Измир шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Түркиянын Анкара, Стамбул жана Измир шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе министр Азамат Жаманкуловдун Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Анда тараптар эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын талкуулашып, Измир, Стамбул жана Анкара шаарларында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Эске салсак, министрдин орун басары Ахмет Мисбах Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылышына келген.

Пикир

Оставить комментарий