• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. 12-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында обончу жана аткаруучу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата уюштурулган "Ырдын пири — Рыспай" аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Маданият. Тарых. Тил" каналы жана Рыспай Абдыкадыров атындагы клубу менен биргеликте уюштурулган.

Концерттин жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген өнөр адамдары Рыспай Абдыкадыровдун ырларын чоң сахнада аткарышты.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларды жараткан.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий