Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Күн мурун Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара болуп өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эскерүү аземин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин колдоосу менен Ч.Айтматов атындагы паркта уюштурду.
Иш - чарага Ч.Айтматовдун уулу Санжарбек Айтматов, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү, Анкаранын муниципалитеттеринин башчылары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.
Эскерүү иш-чарасынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи өтүп, кыргыздын улуттук композициялары комузда аткарылды.
Пикир
Оставить комментарий