• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Анкарада кыргызстандыктар катышкан маданий-спорттук иш-чаралар өттү

Коом 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргызстандыктар катышкан маданий-спорттук иш-чаралар өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чаралар Кыргызстандын Эгемендик күнүнө, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Мамлекеттик тил күнүнө карата ТҮРКСОЙдун, Болу шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун жана Анкара шаарынын Гөлбаши муниципалитетинин колдоосу менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Спорттук жана маданий иш-чараларга Түркиянын Анкара, Стамбул, Самсунг, Сакария, Кайсери, Анталья, Конья шаарларында жана башка провинцияларында жашаган мекендештер, этникалык кыргыздар, ошондой эле Түркиянын жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө "Эне тилим – байлыгым" кампаниясынын алкагында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана Мамлекеттик тил боюнча интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, концерттик номерлер жана кол күрөш жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдештер уюштурулду. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары кыргыздын улуттук тамактарынан даам тата алышты.

Пикир

Оставить комментарий